Мектеп №31 №31 мектеп-гимназиясы

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

№31 мектеп гимназиясынын тарыхы

1939 – жыл

Өлкөдө Кыргызстандын Бүткүл Союздук Ленинчил Жаштар Союзунун 2 съезди өтүп жатты.

Коммунисттик  партиянын 3 съезди.

Илим, искусство, билим өнүгүп жатты.

Кыргыз операсы “Айчүрөктүн” биринчи коюлушу.

Москвада кыргыз искусствосунун биринчи декадасынын өтүшү.

Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун ачылышы.

Августа Кыргызстандын мугалимдеринин 1 съезди өттү.

31- мектеп үчүн бул жыл анын туулган күнү болду. Бишкек шаарынын билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен №31- башталгыч мектеп болду.

1954-жыл

№31-мектептин жаңы имараты

Башкаруунун башында көптөгөн директорлор турду. Тилекке каршы бардык архивдик маалыматтар сакталган эмес. Бирок, окутууда жана тарбиялоодо, жана мектептин тарых барактарына үлүш кошкондорду унутпайбыз.

Алар: Фомин Я И, Балбачян Л В, Иванова В И

1997- жыл

Мектепте жаңы жашоо кызый баштады. Ынтымактуу, күжүрмөн коллективге – жаңы форматтагы күчтүү новатор, кайраттуу, креативдүү директор Омурзакова Т.О. келди. Ага пикирлеш, достор, түшүнгөн жана колдоо көрсөткөн адамдар табылды.

2009- жыл

Мына бийиктик – мектепте, мектеп- гимназиясы деген наам ыйгарылды!!!  сегиз жылдан бери коллектив сыймыктануу менен наамды алып келе жатат. Мектепке жаңы күчтөр кошулду, жаңы күчтөр ойлор пайда болду. Талыкпаган, тайманбаган эмгеги менен биздин мугалимдер миңдеген бүтүрүүчүлөргө таланттарын өрчүтүүгө жана адам болушуна өбөлгө түзүп келет. Педагогикалык коллектив бардык күчүн жумшап, татыктуу  инсандарды тарбиялоодо кыргыз элинин каада- салтын, маданиятын унутпоого  дайыма  чыгармачылык менен иштеп келишет.

№31 мектеп гимназиясынын вокалдык  мугалимдер ансамблинин коллективи Пишнограй Ольга Станиславнанын жетекчилиги астында “Ырдайлы кыргыз ырларын” сынагында эки жолу лауреат болушту. Кыргыз Мамлекеттик опера жана театрынын сценасында чеберчилик менен аткаруусу эсте калды.

2011-жыл

Конфуция Институту менен ийгиликтүү кызматташуунун башталышы.

 

 

2009 жылдан баштап эне- аталардын социалдык муктаждыгы боюнча №31 мектеп гимназиясында кытай тилин окутуу киргизилди. 2010 жылдан баштап №31 мектеп гимназиясы Жусуп Баласагын атындагы  университетин алдындагы Конфуция институту менен кызматташып келет. Азыркы күндө  кытай тили мугалимдери сабакта колдонуучу көптөгөн методикалык иштелмелерди, окуу китептерин иштеп чыгышты. Жыл сайын мектепте кытай тили боюнча сынак өтүп турат. Сынактын женүчүүлөрү баалуу белектер менен сыйланат. Алардын эң жакшылары кытай тилинин республикалык чечен айтыш маданияты боюнча олимпиадада мектептин намысын коргоп келишет. 2013- жылы Куньмин шаарында өткөрүлгөн олимпиадада кытай тили боюнча чечен айтышта Эл аралык сынактын женүүчүсү Кожоналиева Айжан болгон.

Көк асман тиреген өлкөнүн маданият- салттарынын иш чараларын өткөрүүдө №31 мектеп гимназиясынын окуучулары активдүү катышып келишет.

Кытай тилин окутууда №31 мектеп гимназиясында Конфуцииянын санат сөздөрү турат “Ким артка кайрылса ал өзүнө ачылыш жасайт жана мугалим болгонго татыктуу”

 

2014-жыл

Мектептин 75 жылдыгы

Корей республикасынын элчилигинин астындагы билим берүү бөлүмү менен 2014 жылы №31 мектеп гимназиясы сабак өтүү боюнча келишим түзүлгөн.

Корей тилинде сабак өтүүнүн максаты эки мамлекеттин маданиятын  жана билиминин  байланышын чындоо. Ушул жылы корей тили боюнча кабинет ачылды. Корей билим берүү борбору мектепке корей тилинен берген мугалимди жана китептер берилди ошондой эле корей кабинетин мүмкүнчүлүгү боюнча техникалык каражаттар менен жабдыды.

 

Мектептин герби

Биз жөнүндө

Мектептин гимни

Теперь мы стали старше и намного

Растем мы каждый день и каждый миг

Нас жизнь зовет вперед, зовет дорога

Мир знаний так обширен и велик

 

               Припев:

Дни труда, интересных событий

31-ая мы с тобой навсегда

Это время смелых открытий.

 

И станем мы серьезнее с годами

Созреет разум, окрылится мысль

И эти годы будут как фундамент,

Тот самый, на котором строят жизнь.

 

               Припев:

Дни труда, интересных событий

31-ая мы с тобой навсегда

Это время смелых открытий.

 

 

Грядущее – оно не за горами

Становятся реальностью мечты

Мы как птенцы, что силу набирали

В Республике для высшей высоты

 

               Припев:

Дни труда, интересных событий

31-ая мы с тобой навсегда

Это время смелых открытий.

Биздин мектеп азыркы учурда