Мектеп №31 №31 мектеп-гимназиясы

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ БОЮНЧА

УРМАТТУУ АТА-ЭНЕЛЕР!

БИРИНЧИ КЛАССТАРДЫ  “МЕКТЕПКЕ  ЭЛЕКТРОНДУК  ЖАЗЫЛУУ”

БОЮНЧА  МААЛЫМАТ  СИСТЕМАСЫН АВТОМАТТАШТЫРУУ (Электрондук кезек)

2019-жылдын  15-февралынан баштап каттоо жүргүлө баштайт.

2019-2020-окуу жылында биринчи класстарды кабыл алуу мектептин микроучастогунда жашаган балдар үчүн 15.02.2019 – 15.05.2019-жылга чейин электрондук жазылуу аркылуу жүргүзүлөт. Толбой калган орундар үчүн 15.05.2019-15.08.2019 жылга чейин каалоочуларга электрондук жазылуу жүргүзүлөт.

2019-2020-окуу жылында биринчи класстарга 5 класс-комплект алынат:

  • орус тилдүү 2 класс (72 окуучу);
  • кыргыз тилдүү 1 класс (36 окуучу);
  • КББ боюнча 2 орус тилдүү класс (72 окуучу, акы төлөөнүн негизинде ай сайын 5000 сомдон жогору). КББ класстарга даярдалган окуучулар кабыл алынат. Бул класстар 8:00-16.00 чейин окушат.

Урматтуу ата-энелер! 

№ 31 МГнын администрациясы Бишкек шаарында 2019-жылдын 15-февралынан баштап “Мектепке электрондук жазылуу” пилоттук проектиси баштала турганын сиздерге эскертет.

Бул проект Билим берүү жана илим Министрлиги, Мэриянын астындагы БББ жана ЮНИСЕФ менен биргеликте уюштурулган.

 

Электрондук жазылуу кезеги

 эки этапта  жүргүзүлөт:

 

Биринчи этап – 15-февралдан 15-майга чейин.

Бул убакта мектептин микроучастогунда жашаган балдарды каттоо этабы жүргүзүлөт.Ата-энелер балдарын көрсөтүлгөн убакыттан кечикпей, жашаган жери боюнча каттатууга тийиш.

Экинчи этап- 16-майдан 16-августка чейин.

Электрондук арыздар микроучастоктон тышкаркылар үчүн кабыл алынат.

 

 

Баланын кайсы микроучастокко тиешелүү экендигин кантип билсе болот?

 

 www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, жашаган районду көрсөтүү керек. Сиз бул тизмеден Бишкек шаарындагы сиздин районуңузга тиешелүү микроучастоктогу бардык мектептерди таба аласыз.

 

Электрондук жазылуу кезегине

кантип катталуу керек?

 

2019-жылдын  15-февралдан баштап www.mektep.edu.gov.kg электрондук сайт иштей баштайт.

Ал үчүн сиз төмөнкүлөрдү кылууңуз зарыл:

  • “Арыз жазуу” бөлүмүнө кирип аны толтуруу керек;
  • Ата-эненин же баланын закондуу опекунунун паспортунун көчүрмөсү, телефон номери, электрондук почтасы жана документтеринин көчүрмөсүн көрсөтүү керек;
  • Бала жөнүндө маалыматты берүү керек;
  • Баланын документтеринин көчүрмөсүн жана жашаган жеринен справкасын көрсөтүү керек

Бардык арыздар мектеп директору тарабынан каралат. Эгерде арыз жазуучу ката кетирген болсо, үч күндүн ичинде көрсөтүлгөн электрондук дарегиңизге билдирүү келет.

Мектепке кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ата-энелер  мектеп администрациясына 14 күндөн кечикпей керектүү документтерди алып келүү керек.

Түшүнбөгөн суроолор боюнча ЛРББ башкы адиси Алымкулова Г.М.га

65-68-93 т. байланышуу керек.

 

Мектепке тапшыруучу документтер: 

  • Баланын туулгандыгы туураалуу күбөлүгү жана көчүрмөсү
  • Ата-энесинин же закондуу опекундун паспортунун көчүрмөсү
  • Ата-энесинин же закондуу опекундун жашаган жеринен справкасы
  • Ф-26 медициналык справкасы
  • Ф-63 медициналык справкасы
  • Үй бүлөлүк дарыгерден медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө справкасы
  • 3х4 сантиметр өлчөмүндөгү сүрөт

 

Электрондук жазылууга катталуу бекер жүргүзүлөт.

2-11 класстарга кабыл алуу 10.08.2019ж. кезекке туруу түрүндө өтөт.