Мектеп №31 №31 мектеп-гимназиясы

Новости

Нооруз – жаңылануунун, жаңыруунун,  жаздын майрамы. Бул учурда табият жанданып, кыш уйкусунан ойгонот, жан-жаныбарлар төлдөп, дарактар бүчүр байлап, көктөм чыгат. Айлана көрккө бөлөнө баштайт. Адам баласы да табият менен кошо шаттанып, маанайы көтөрүлүп, жашоого жаңы үмүттөр менен байланат. “Өлбөгөн жанга жаз келет” деп,  Кыргыздар ар качан жазды сүйүнүч, үмүт менен күтүшкөн, жазда сүйүүлөр башталат, жазда […]
20.03.2024 23
Жаркыраган жаз менен эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди.Нооруз майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы. Нооруз-жаңы башаттардын башталышы. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилегендей биз да Нооруз майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз. Нооруз майрамына карата […]
20.03.2024 23
6 март күнү №31 МГ да жаз майрамын утурлай Мамлекеттик тил  декадасынын ачылышы болуп өттү.  
07.03.2024 33
№31 Мектеп-гимназиясынын администрациясы жана эркектер жааматы бардык Кыргызстандык аялдарды 8-март эл аралык аялдар күнү менен куттуктайт.        Үй бүлөнүн очогу дайыма жанып,  мээрим ге бөлөнүп турганы үчүн сиздерге миң мертебе ыраазыбыз . Сиздер болгон үчүн дүнүйөбүз жарык, көңүлңбүз шат, пейилибиз жоомарт. Ишиңиздерди ийгилик коштосун, үйүңүздөр ырыскыга толсун, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Үй-бүлөңүздө, жамаатыңызда, курбу-курдаштар […]
07.03.2024 31
№31 мектеп-гимназиясында туу көтөрүү аземи болуп өттү.  Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп, мамлекетибиздин туусу   обого көтөрүлдү. 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Желектеги түндүктүн, түстөрдүн мааниси Кызыл түндүк — ынтымак, биримдик, ата конуштун символу; Күндүн 40 нуру — кыргыздын кырк уруусунун бир түндүктүн алдында биригиши; Сары түс — бейпилдиктин, байлыктын белгиси; Кызыл түс — эрдик, […]
05.03.2024 45
5-март -Ак калпак күнү Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!   5-март -Ак калпак күнү расмий эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Инициатору Рысбек Жабиров болгон. 2016-жылдын 29-июнунан тартып расмий статуска ээ болгон. Бүгүн мектепте 9-класстын окуучулары мектеп окуучуларына калпак тууралуу доклад окуп, маалымат айтып беришти. Карасам байкап алыстан , […]
05.03.2024 30
Кымбаттуу мекендештер! Сиздерди Ата-Мекенди коргоочунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
22.02.2024 31
“Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили. Ар бир тил – өз элине улуу. Биздин ар бирибиз бизди бул жарык дүйнөгө алып келип, эбегейсиз зор байлыкты – өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз: анын тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошушубуз керек.” Ч. Айтматов 21-февраль – Эне тил күнү. Жыл сайын бул күнү мектепте ич-чаралар жүргүзүлүп […]
21.02.2024 28
№31 мектеп-гимназиясында  2024-жылдын 21-февралында Чыгыш календары боюнча Жаңы жылды майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага келген ардактуу коноктор: Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси- Ду Дэвэнь Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары –В.А. Мозгачева Ленин районунун акими -Ж.Т. Шакиев –          Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башчысы- Р.И.Мусаева Ленин районунун акиминин социалдык маселелер […]
21.02.2024 23
11-январь күнү №31 МГ -да “Мектептеги билим берүү чөйрөсүнүн шарттары жана натыйжалары: карама-каршылыктар, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аттуу  тематикалык педкеңешме болуп өттү. Тематикалык педкеңешменин программасы                                   10.00-10.15  Доклад  “Мектептеги билим берүү чөйрөсүнүн шарттары жана натыйжалары:   карама-каршылыктар, көйгөйлөр жана аларды чечүү […]
11.01.2024 28
10-январь күнү №31 МГ -да 2023-2024 окуу жылынын II- чейрегинин жыйынтыгы боюнча педагогикалык кеңешме болуп өттү .          
10.01.2024 44
Мындан 95 жыл мурун, 12-декабрда дүйнөнү дүңгүрөткөн, кыргыз элинин алп жазуучусу – Чыңгыз Айтматов төрөлгөн. Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Чолпон жылдыз – ал Чыңгыз” деген аталыштагы иш – чара болуп өттү. Окуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, көркөм окуу кароо – сынагында орунга ээ болгон окуучулар грамота менен сыйланышты. Мектептин директору О.Т Омурзакова куттуктоо сөзүн сүйлөп, […]
12.12.2023 40
1 / 1112345...10...»