3-март – Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү
№31 мектеп-гимназиясында туу көтөрүү аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп, мамлекетибиздин туусу обого көтөрүлдү.
1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.
Желектеги түндүктүн, түстөрдүн мааниси
Кызыл түндүк — ынтымак, биримдик, ата конуштун символу;
Күндүн 40 нуру — кыргыздын кырк уруусунун бир түндүктүн алдында биригиши;
Сары түс — бейпилдиктин, байлыктын белгиси;
Кызыл түс — эрдик, баатырдык, жеңишти билдирет.
Комментарии