2018-2019 ОКУУ ЖЫЛЫНЫН 21-ФЕВРАЛЬ
ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА.
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу №31 мектеп-гимназиясынын мамлекеттик тил мугалимдери 21-февраль Эне тил күнүнө “Дил бермети-эне тил” темасында мектеп ичиндеги иш-чара өткөрүштү. Мектеп-гимназияда ар улуттун окуучулары өз тилинде көркөм окушуп, улуттук бийлерди бийлешти. Кыргыз тилинде Манас айтылып, комузчулар күү чертишип, ыр ырдашты.
№31 мектеп-гимназиясында мамлекеттик туу күнү белгиленди
Мектеп администрациясы Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, гимн ырдалган соң, мектептин алдындагы Мамлекеттик туу алмашылды.
№31 мектеп-гимназиясында “Ак калпак” күнү
“Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил”
Акыркы жылдары ак калпак күнү элибиздин жашоо –турмушунда эң маанилүү күндөрдүн бири болуп калды.
Бүгүн бул майрамга №31 мектеп-гимназиясында өзгөчө шаң берилип, уландар ак калпак күнүнө патриоттук сезим менен концерт тартуулашты.
№31 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНДА “ НООРУЗ-2019” МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА
“ Нооруз-2019” майрамдык иш-чара №31 мектеп-гимназиясында болуп өттү.
Нооруз майрамы жакшылык алып келип, жергебизге берекенин, жакшылыктын, молчулуктун нуру төгүлсүн. Айдан аман, жылдан эсен бололу!