21-февраль – Эне тил күнү
“Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили. Ар бир тил – өз элине улуу. Биздин ар бирибиз бизди бул жарык дүйнөгө алып келип, эбегейсиз зор байлыкты – өз тилин тартуулаган элибизге түбөлүк милдеткербиз: анын тазалыгын сактап, байлыгына байлык кошушубуз керек.” Ч. Айтматов
21-февраль – Эне тил күнү. Жыл сайын бул күнү мектепте ич-чаралар жүргүзүлүп келет. Дайыма окуучулар активдүү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулап келишет. Быйыл да сыртта калышкан жок. “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу райондук конкурска 6-классынын окуучусу Белимова Татьяна катышып, баш байгенин ээси болду.
Мектеп ичинде майрамдык иш-чарада таланттуу окуучулар бий бийлеп, ар кайсы тилде ырларды көркөм окуп, өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Окуучулар “Эне тилим” темасындагы тарткан сүрөттөрдүн эң мыктылары тандалып алынып, мектептин дубал газетасына илинди.
Комментарии