5-март- Ак калпак күнү
5-март -Ак калпак күнү
Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил,
Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил!
5-март -Ак калпак күнү расмий эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Инициатору Рысбек Жабиров болгон. 2016-жылдын 29-июнунан тартып расмий статуска ээ болгон.
Бүгүн мектепте 9-класстын окуучулары мектеп окуучуларына калпак тууралуу доклад окуп, маалымат айтып беришти.
Карасам байкап алыстан ,
Калпагы окшош тоосуна.
Кандай уз тикти болду экен,
Карегим түштү коозуна.
Ала Тоо сымал ак калпак,
Канча доор сүрүп жашады.
Калпактай таза ыйманын ,
Калкыбыз таза сактады.
Комментарии