Нооруз майрамыңыздар менен!!!
Нооруз – жаңылануунун, жаңыруунун, жаздын майрамы. Бул учурда табият жанданып, кыш уйкусунан ойгонот, жан-жаныбарлар төлдөп, дарактар бүчүр байлап, көктөм чыгат. Айлана көрккө бөлөнө баштайт. Адам баласы да табият менен кошо шаттанып, маанайы көтөрүлүп, жашоого жаңы үмүттөр менен байланат. “Өлбөгөн жанга жаз келет” деп, Кыргыздар ар качан жазды сүйүнүч, үмүт менен күтүшкөн, жазда сүйүүлөр башталат, жазда керемет ырлар, обондор жазылат.
№31 мектеп-гимназиясынын жалпы жааматы баардык кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт!!!
Жадыраган жаз күнүндө тосуп жаткан ак тилектин, аруу ниеттин, мээримдүүлүктүн, ыйман менен ынтымактуулуктун жана боордоштуктун белгиси болгон Нооруз майрамы баарыңыздарга жакшылык алып келсин.
Комментарии