Чыгыш календары боюнча Жаңы жылды майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара
№31 мектеп-гимназиясында 2024-жылдын 21-февралында Чыгыш календары боюнча Жаңы жылды майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага келген ардактуу коноктор:
- Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси- Ду Дэвэнь
- Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары –В.А. Мозгачева
- Ленин районунун акими -Ж.Т. Шакиев
– Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин башчысы- Р.И.Мусаева
- Ленин районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары –А.С.Джунусова
- Ленин райондук Билим берүү департаментинин башчысы-Т.Э.Темирканова
- Конфуцийинститутунун кытай тарабынан директору -Чэн Чжигуо
- Конфуцийинститутунун кыргыз тарабынан директору -Ж.Р.Усенбаева жана бир катар мектеп директорлору.
Салтанаттуу кеченин катышуучуларын жана бардык конокторду мектеп директору Т.О.Омурзакова куттуктады. Ал мектепте жаңы жылды чыгыш календары боюнча тосуу жакшы салтка айланганын айтып, келген конокторду кытай тилин үйрөнүү процессиндеги окуучулардын чыгармачылыгы менен тааныштырды. Ошондой эле ардактуу конокторго мектеп менен кытай тилин жана маданиятын үйрөнүү жаатында кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Учурда 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар кытай тилин үйрөнүшөт. Окуучулар кытай тилин абдан кызыгуу менен үйрөнүп, сабактарга активдүү катышып, азыркы Кытайдын турмушуна кызыгышат.
Мектепте кытай тили боюнча адистештирилген кабинет түзүлүп, заманбап технологиялар жана окуу адабияттары менен жабдылган.
Жыл сайын биздин мектептин окуучулары ар кандай сынактарга, тестирлөөгө, олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет.
Расмий жолугушуудан кийин окуучулар кытай ырларынан, бийлерден жана ушудан турган концерттик программа көрсөтүштү. Кытай тили боюнча окуучулардын жетишкендиги боюнча презентация көрсөтүлдү.
Иш-чаранын катышуучулары жана коноктор окуучулардын кытай тилиндеги аткарган чеберчилигин, тил үйрөнүү дараметин, башка элдин маданиятына, каада-салттарына кылдат мамилесин баса белгилеп, чың ден соолук, бакыт-таалай, иштерде ийгилик, окууларында ийгиликтерди, бактылуу балалык каалашты.
Иш-чаранын ардактуу коногу Кытай Эл Республикасынын элчиси мугалимдер жамаатын жана окуучуларды майрамы менен куттуктап, жаңы жылдык маанай жана бакубатчылык каалады.
Вице-мэр мугалимдер жамаатын Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, бардыгына ден соолук, чыгармачылык эргүү каалап өттү.
Ленин районунун акими Ж.Т. Шакиев куттуктоо сөзүндө мугалимдер жамаатын жана окуучуларды майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ал белгилегендей, бүгүн Ленин районунда “Эне тил” күнүн белгилеп жатышканын билдирди.
Иш-чара эстеликке чогуу сүрөткө түшүү менен аяктады. Иш-чаранын бардык катышуучулары жана ардактуу коноктор ыраазы болушту. Биздин мындан аркы кызматташуубуз уланат!
Комментарии